Келиндер козголоңу
Описание
«Келиндер козголоңу» спектаклинде дээрлик бардык окуялар көп балалуу чоң өзбек үй-бүлөсүндө өтөт. Бул үй-бүлө узак жылдар бою балдардын энеси, келиндердин кайненеси Парманбүбү жеке аныктаган ички мыйзамдар менен жашап жүргөн. Бирок өктөм кемпирдин кенже келини Нигора короодогу көндүм эрежелерге каршы чыгып, абысындарын өз тарабына тартууга жетишет.
Пьесадагы күлкүлүү кырдаалдар, таамай айтылган тамаша сөздөр сахнада бөтөнчө бир эстетикалык абалдын жаралышын шарттап, театр күйөрмандарынын азыркы муундарына да жакын жана түшүнүктүү.
Комедиянын аягы жакшылык менен бүтүп, уул-келиндердин жүрөгүн өйүгөн далай көйгөйлөр чечилет белем. Асыресе, ар качандан бир качан үй-бүлөнүн ынтымагын ширетүү маселелери көрүүчүнүн көңүлүнө кыттай орноп калат.
Өтчү жери
Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театры
Чыгарманын автору
С. Ахмад
Режиссер-коючу
Э. Ибрагимова
Жанр
комедия
- ДатаМестоЗонаВзрослымДетям
- 11январязавтраШ.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрыЗалот 200 ⊆от 200 ⊆